Эки жыл физрук болуп иштеп Билим берүүнүн отличниги болгон депутат Икрамовдун сыйлыгы талкуу жаратты

15 января 2019 15:03 1962 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Эки жыл физрук болуп иштеген депутат Тазабек Икрамов Билим берүүнүн отличниги болду деген кабар коомдо кызуу талкууну жаратты. Төш белгини декабрь айында билим берүү министринин орун басары Жапаркул Ташиев тапшыргандыгы ММКларда жазылып чыкты. 

Сыйлыкты тапшырган министрлик Тазабек Икрамовду сыйлыкка Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети сунуштаганын белгилеген.

Ал эми алган сыйлыгы боюнча депутат өзү Instagramдагы жеке  баракчасына жарыялаган. 

Мындай кабарга 20-30 жылдап Билим берүү тармагында иштеп, эч кандай сыйлыкка көрсөтүлбөгөн мугалимдер социалдык тармактар аркылуу таң калгандарын жашырбай айтып чыгышты.

Чыны менен Тазабек Икрамовдун официалдуу өмүр баянында 1998-жана 2000-жылдарда, тактап айтканда эки жыл гана физрук болуп иштегендиги жазылган, кийин бизнеске кетип «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Бул сыйлыктары менен катар Тазабек Икрамов миграция кызматынын “Шериктештик үчүн” төш белгисин жана маданият министрлигинин Ардак грамотасын дагы алган. 


Ссылка: https://barometr.kg/eki-zhyl-fizruk-bolup-ishtep-bilim-bernn-otlichnigi-bolgon-deputat-ikramovdun-syjlygy-talkuu-zharatty



Добавить комментарий