Видео. Талантбек Тынысовду вице-спикер парламенттен кууп чыкты деген талкууга Мирлан Бакиров жооп берди
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду парламенттен кууп чыкты деген талкуу коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди жаратты. Буга вице-спикер Мирлан Бакиров түшүндүрмө берди. Түшүндүрмөнүн видеосун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыялады.
Анда вице спикер: "Мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүдө келиңиз, ичиңиз, жеңиз деген өңдүү сый көрсөтүү болбойт. Ал жакта ишти талап кылабыз"-деди.
Бакиров айрым маалымат булактары "кызматкерди жыйындан кууп чыкты" деп бурмалап кабар таратканын белгилеп, жыйын өткөрүүнүн эрежесин гана эскерткенин, Тынысов суроолорго так жооп бере албаганын, даярдыксыз келгенин кошумчалады.
Добавить комментарий ×