Жогорку Кеңешке көйнөк эмес "футболка" кийип келгендиги үчүн мамлекеттик кызматкер жыйындан чыгарылды

16 января 2019 17:38 1456 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.

Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сураганда Тынысов:

“Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек”, – деп жооп берди Тынысов.

Анын кийимин вице-спикер Мирлан Бакиров да сынга алып:

“Кийим-кече жана башкалар боюнча бизде тартип бар. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппараты, муну эмне үчүн карабайсыңар? Өкмөттүн өкүлү. Бул жер эмне, базарбы?! Сиз комитеттин чечими боюнча да чакырылгандардын арасында жок экенсиз . Бара берсеңиз болот” -деп Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн аппаратына муну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Интернет булактарында бул жагдай катуу талкууну жаратууда. Көпчүлүк министр үстүдөгү кийим "футболка" эместигин айтып, "туура эмес кылышкан" дешүүдө.

Белгилей кетсек бул жыйында Жогорку Кеңеште мектепте 9-класстан кийин окубай калган улан-кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик-техникалык окуу жайларында окутуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.


Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-blmnn-kyzmatkeri-zhogorku-keeshtin-zhyjynyna-futbolka-kijip-kelgendigi-chn-deputattar-zhyjyndan-chygaryp-zhiberdi



Добавить комментарий