Видео. Бишкектиктер футбол боюнча көптөн күткөн жеңишти майрамдап жатышат

17 января 2019 09:17 1312 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 16-январда Дубайда өткөн Азия кубогу-2019 оюунунда Кыргызстан курама командасы менен Филиппин футбол командасы беттешти. Таймашта кыргыз курама командасы 3:1 эсеби менен утушка жетти. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын журналисти жеринен маалымат берип турду.

Ал учурда Кыргызстандагы футбол күйөрмандары "Ак шумкарлар!" деп ураан чакырып, кыргыз жигиттерин колдоп жатышты. Жигиттердин жеңишке кубанган видеосун күйөрмандардын бири биздин сайтка жөнөттү.

Видеодон кыргыз жигиттердин жеңишке сүйүнүп, кубанычы койнуна батпай жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Кыргызстан Кытайдан 1:2 эсебинде утулуп, ал эми Түштүк Кореядан 0:1 эсебинде утулуп калган. Андыктан бул беттеш чыныгы, көптөн күткөн жеңишти алып келди десек болот.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkektikter-futbol-boyuncha-kptn-ktkn-zheishti-majramdap-zhatyshat



Добавить комментарий