Момбеков: "Митинг болуп атса, миграция маалыматыңар жок көзүңөрдү жылтыратып, өлүмтүк болуп олтурасыңар"

17 января 2019 17:14 5484 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Митинг өтүп жатса, миграция министрлиги маалымат баяндамасы жок олтурат. Бул тууралуу депутат Момбеков бүгүнкү 17-январдагы парламенттин жыйынында айтты.

"Миграция боюнча маселе кечээ Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыкканда пайда болгон жок. Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси 2 айдан бери эң актуалдуу болуп жатат. 60 миң кыргыздын кыздары кытайга турмушка чыгып, алар экиден төрөсө 120 миң, 280 миң болуп кетет деп митинг өтүп жатат. Өкмөт болсо даярданган жокпуз дешүүдө. 2 айдан бери даярданбай эмне кылып жүрөсүңөр? Даярданбасаңар митингге барып ошентип жооп бербейсиңерби. Кыргыз мамлекетин кытайлар каптап кетти деп Кыргыз-Кытай мамлекетинин ортосундагы кырдаалды курчуткан саясатчылар болуп жатат. Өкмөт жообу жок отурат. Силер президенттин саясатына каршы иштеп жатасыңарбы? Жаңы жылдан бери жагымсыз кырдаалдар каптап жатат. Баяндамаңар жок болсо, кантип суроо беребиз? Митингге чыккандар бул жакка келсе ким жооп берет? Силер чыкпайсыңар, биз, депутаттар чыгып, өкмөттүн жообу жок экен деп айтабыз. Миграция кызматынын башчысынын жоопкерчилигин караш керек"-деди депутат.

Төрага Дастан Жумабеков миграция кызматынын орун басарлары митингде жүргөндүгүн айтты. Ал эми чогулган эл миграциядан эч ким келбей жаткандыгын билдиришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/mombekov-miting-bolup-atsa-migraciya-maalymatyar-zhok-kzrd-zhyltyratyp-lmtk-bolup-olturasyar



Добавить комментарий