Милиция: Айзада Канатбекова зордукталганы аныкталды

4 май 2021 13:06 1509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталгандыгын экспертиза аныктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бишкек шаардык милициясы тергөө иштерин аяктап, ишти Биринчи май райондук сотко өткөрүп берди.

Маркум Замирбек Теңизбаев адам урдоо, өлтүрүү жана зордуктоого айыпталган. Соттук-медициналык экспертиза Айзадынын зордукталганын аныктады. Кыз каршылык көрсөткөнүн анын буттарындагы, беттериндеги канталаган көк-ала тактар далилдеген.

Ал эми, ала качуунун беш катышуучулары оор  кесепеттерге алып келген адам урдоо беренелери менен айыпталып жатат.

Тергөөчүлөрдүн жана прокурордун сүйлөшүүсүнөн кийин бул иш “Никеге туруу максатында адам урдоо” эмес  “Адам урдоо” беренесине өзгөртүлдү" - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 5-апрель күнү Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишти деген видео интернетке тараган. Окуядан эки күн өткөндөн кийин, ала качып кетти деп изделип жаткан Айзада Канатбекованын жансыз денеси табылган. Кызды ала качып кеткен Замир Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, анан, өзүн бычак менен сайып өлтүргөнү кабарланган

Бул окуя, коомчулукта милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам болгону айтылып, 8-апрелде ИИМдин жана өкмөт үйүнүн алдына жүздөгөн жарандар митинге чыгышкан.

Ал эми, 8-апрелде маркум Айзада Канатбекованын сөөгү өзү туулуп-өскөн Балыкчы шаарында жерге берилген. 

Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынышкан.

30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Айзаданын өлүмүнүн алдын алууда шалакы мамиле кылган деген таризде 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-ajzada-kanatbekova-zorduktalgany-anyktaldy



Добавить комментарий