Грузияда өлтүрүлгөн казакстандык журналист. Сот кылмышкерди 11 жылга кести

19 февраль 2024 13:38 1688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грузиянын соту казакстандык журналист Жанбота Төлөгенди өлтүргөн кылмышкерге өкүм чыгарды.  Бул тууралуу NeMolchi.kz фонду Instagram баракчасында билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, сот 50 жаштагы Габриэль Хохобашвилини 11 жылга эркинен ажыратты.

Сот классификацияны өзгөртүп, «жалданмачылык максатында киши өлтүрүү» мотиви далилденген жок деп тапты. 
Иштин прокурору бул чечимге макул эместигин айтып, аппеляциялык арыз менен кайрыла турганы белгиленген.

Маалыматта айтылгандай, сот кылмышкер күнөөсүн мойнуна алганын жана балдарынын бар экенин эске алып 11 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Эске сала кетсек, казакстандык журналист 2023-жылы 21-майда Грузиянын Кахети шаарында өлтүрүлгөн. Габриэль Хохобашвили аны алдап, Жанбота Төлөгөндүн акчасын алуу максатында, Тбилисиден Кахетиге барууга мажбурлап, журналисттин башына кирпич менен уруп, өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/gruziyada-ltrlgn-kazakstandyk-zhurnalist-sot-kylmyshkerdi-11-zhyl-erkindiginen-azhyratty



Добавить комментарий