Айзада Канатбекова футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөн
Каза болгон Айзада Канатбекова футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаев бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Маалым болгондой, Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда талаада унаадан жансыз денеси табылган Теңизбек Замирбеков жана Айзада Канатбеков экөө тең унаанын арткы жагында табылган.
"Милиция барган учурда, унаа ичинен жабык болгон. Экөөнүн тең телефондору жанында болгон. Ал эми, Айзаданын телефонун симкартасы чыгарылып жанында жаткан.
Ошондой эле, кыз футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөнү маалым болду. Теңизбаев болсо канцелярдык бычак менен өзүнө кол салган", - деди Айтбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/ajzada-kanatbekova-futbolka-menen-muuntulup-ltrlgn
Добавить комментарий ×