Айзаданын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине иш козголду

9 апреля 2021 09:48 2353 Barometr
Поделиться в:
ok

Айзада Канатбекованын ѳлүмүнѳ байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчимай райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 5-7 апрелде 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди. 

Анын жыйынтыгы менен Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышкандыктарына же болбосо аткарбагандыктырына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестирине КРын Кылмыш-жаза кодексинин 321 - беренесинин 2- бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды. 

Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/ajzadanyn-lmn-bajlanyshtuu-miliciya-kyzmatkerlerine-ish-kozgoldu



Добавить комментарий