Айзаданы ала качып, муунтуп өлтүргөн жаран Россияда 6 жыл абакта олтуруп чыккан
Айзада Канатбекованы ала качып барып, муунтуп өлтүрүүгө шектелип жаткан Замир Теңизбаев буга чейин, Россияда тоноого айыпталып алты жыл абакта олтуруп чыккан. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаев бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Маалым болгондой, кызды ала качып барып, муунтуп өлтүрүүгө шектелип жаткан Теңизбаев мурда Россияда тоноого айыпталып, алты жыл жазасын өтөп бүтүп, Кыргызстанга кайтып келген.
"Кызды ала качып кеткен бала Россияда кылмыш жасап, жазасын өтөп чыкканын Теңизбаевдин иниси айтты. Биз Россияга бул тууралуу суроо жөнөттүк.
Ал эми, ал Кыргызстанга төрт жыл мурда келип, такси кызматында иштеп жүргөн. Буга чейин, ал башка улуттагы жаранга үйлөнүп, ажырашып кетиптир.
Акыркы учурда, Теңизбаев туруктуу жашаган жери жок, унаада эле түнөп жүргөн", - деди Айтбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/ajzadany-ala-kachyp-muuntup-ltrgn-zharan-rossiyada-6-zhyl-abakta-olturup-chykkan
Добавить комментарий ×