Унаасын тартып алуу максатында жаш жигитти өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2 ноябрь 2023 09:35 1122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында адам өлтүрүүгө щектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Свердлов райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Токтогул РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты.

“22-октябржа болжол менен саат 10:00 чамасында Токтогул районунун “Чычкан” капчыгайында жол кырсыгына учураган “ВАЗ-21074” үлгүсүндөгү унаа табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Унаа тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Салондо жаш жигиттин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер жолдо жол кырсыгынын издери болбогондуктан, бул күндөгүдөй кырсык эместигин байкашкан.  Бул жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң, жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 2001-жылы туулган Т.Б. болуп чыккан. Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Ушул учурда Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп келген. Буга чейин 2023-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге шаардын тургуну кайрылып, дайынсыз жоголгон уулун 2001-жылы туулган Т.Б.. таап берүүнү суранган.  Туугандарынын сөзү боюнча жаран Т.Б. 20-октябрда үйүнөн өзүнүн “Тойота Кроун” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.  Ал кийим тигүүчү цехте иштеп жүргөн.

Бул факты аталган милиция башкармалыгында катталып, башка милициянын бөлүктөрүнө багыттамалар берилген. Ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

Ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранга тиешелүү болгон “Тойота Кроун” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам башкарып бара жаткандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлерине соода комплексинде иштеген Чүй облусунун тургуну  1998-жылы туулган Э.А. бул унааны бир күн мурда сатып алганын айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып барып суракка алышкан. Анын айтымында, 21-октябрда түндө социалдык тармактарда “Тойота Кроун”  үлгүсүндөгү унааны тез арада сатуу боюнча жарнакты жарыялашканын көргөн. Андан соң ал телефон чалып, сатуучуга жолугуп, унааны шашылыштан улам 8700 долларга баалашкан. Бирок ишеним кат берилген эмес. Ал кайра сатып алган унаасын сатмакчы болуп, жарнакты кайра жайгаштырып койгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Свердлов райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен жүргүзүшкөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда  мурда соттолгон жарандын изине түшүшкөн. Ал Кадамжай районунун тургуну 1993-жылы туулган К.уулу А. экени аныкталып, аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, анын өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар.   Жаран 1993-жылы туулган К.уулу А. мүлкүн тартып алуу максатында кыып  жатканын билген. Ошондон кийин ал алдамчылык жолу менен унааны ээлеп алып, атүгүл башкаларга сатууга да үлгүргөн. Андан соң, унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, “Чычкан” капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан.  

Аныкталгандай, “Чычкан” капчыгайында табылган “ВАЗ-21074” үлгүсүндөгү унаа шектүүгө тиешелүү. Ал бул унааны жабырлануучуга тиешелүү болгон унааны саткан акчага алган.

Тергөөгө бул оор кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоого туура келген.

Белгилей кетсек, жаран К.уулуА. башка мамлекеттин аймагында дагы ушундай эле кылмышты жасаган деп шектелүүдө. 2021-жылдын июнь айында Москва шаарынын  аймагындагы Никитинская көчөсүндө токтоп турган “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унаасы табылган. Арткы отургучтан белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Андан соң аялдын өздүгү такталып, ал Россиянын жараны, Кыргызстандын тургуну 1977-жылы туулган К.А.  экени аныкталган.  Ал 2021-жылдын январь айынан бери дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы карап жатат. Тергөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлгөн. Бул кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери жогоруда аталган жаран 1993-жылы туулган К.уулу А.ны Баткен районунун аймагынан кармашкан. Бирок далилдер жетишсиз болгондуктан (эксперттик изилдөөлөр толук эмес) иш бүтпөй калууда.

Учурда жаран К.уулу А. Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/unaasyn-tartyp-aluu-maksatynda-zhash-zhigitti-ltrp-kajra-zhol-kyrsygynan-ld-kylyp-izin-zhashyruuga-araket-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий