Казакстанда бала бакчанын кызматкери 15 кызды зордуктаганга шектелип кармалды

20 октябрь 2023 09:54 854 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда бала бакчанын кызматкери зордуктаган кыздардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Адвокат Айман Умарова Түркстан облусунда балдарды жапырт зордуктоо фактысынын жаңы чоо-жайын ачыктады.

Анын айтымында, Отырар районунда бала бакчанын кызматкери тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыздардын саны буга чейин айтылгандан көп болушу мүмкүн. 

Жабыркаган кыздардын жаш курагы 5 жаштан 10 жашка чейин болгон.  

"Бизге алгач үч кыз зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Азыр алардын саны 15ке жетти деген маалымат пайда болду. Зордук-зомбулукка кабылгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Шектүү камакка алынды. Бул видео кайрылууну Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Барып текшерип коюңуздар. Ошондуктан кээ бир ата-энелер иш жабылып калат деп коркуп арыз жазгылары келбейт”,-деди адвокат Instagram түз эфиринде.

Адвокат Ляззат Ракишеванын айтымында, кылмышка шектүүнүн кошуналары кичинекей кыздарын массалык түрдө гинекологго текшертип жатышат. Демек, жабыркагандардын саны 15тен ашык болушу мүмкүн. 

"Шектүү бала бакчада от жагып иштеген. Жайында ушул эле адамдын үстүнөн зордук-зомбулук боюнча арыз түшкөн. Бирок эмне үчүн иш ачылбай калганы белгисиз", — деди Ракишева. 

Отырар районундагы үрөй учурган окуя бейшемби күнү белгилүү болду. Жаш кыздарды зордуктаган деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалган. 

Милиция тергөө сыр болот деп, анын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбай жатканы кабарланды. Учурда эки тургун арыз менен кайрылганын Түркстан облусунун ДПК басма сөз кызматы билдирди.  

Бул факты  “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Отырар районунун тургуну күнөөсүн мойнуна алган.  
Учурда тергөө иштери уланууда. 

Зордукталган кыздардын жакындары алар кошуна жашарын билдиришкен. Шектүү үйлөнүп, көп жашабай эле ажырашып кеткен. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал кичинекей кыздарды болгон окуяны чоңдорго айтпасын деп коркутуп, кыздар унчукпоо үчүн бир аз акча берген. 

Ал ортодо, үч күндөн бери кармалган жарандын үйүндө милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат. Себеби, айыл тургундары анын үй-бүлөсүн айылдан чыгарууга олуттуу ниеттенүүдө. Бирок, мындай окуядан кийин алар өз алдынча айылдан чыгып кетүүнү чечишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-bala-bakchanyn-kyzmatkeri-15-kyzdy-zorduktagan-degen-rj-uchurgan-maalymat-tarady



Добавить комментарий