Акын Асылбек Маратовдун жүрөк сыздатып, чек ара курмандыктарына арнаган ыры
Төкмө акын Асылбек Маратов кыргы-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза болгон жана жабыркагандарга арнап ыр арнап, кайрат айтты. Бул тууралуу акындын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Акындын ырында, тынч жаткан элге тажик тарап аесуз кол салып киргени айтылат.
“Ак калпак кыргыз кайрат кыл,
Айкөлдүктү байрак кыл.
Нарктуу кыргыз кайрат кыл,
Намысыңды байрак кыл”, - деп айтылат акындын ыр саптарында.
Кандуу кагылышуу, жалпы элдин кабыргасын кайыштырып, жан дүйнөсүн жанчып өткөнү акындын ырынын негизги өзөгүн түздү.
Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.
Куралдуу кагылыштарда 34 адам каза тапты. 178 киши жараат алды. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.
Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган
Добавить комментарий ×