Тажикстандын аскерлери миномёттер жана пулемёттор менен аткылай баштады

29 апреля 2021 15:46 7852 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал барган сайын курчуп, эми эки өлкөнүн аскерлери тарабынан да ок атышуу болуп жатканы айтылды.

Учурда, атышуу уланып, эки тараптын аскерлери ок чыгарып жатышканы маалым болду.

Соцтармакка жарыяланган видеодо кыргыз аскерлери ок чыгып жаткан жакты көздөй чуркап бара жатышканын көрүүгө болот.

Видео тасманын алдына “биздин аскерлерди Кудайым колдоп, күч-кубат берсин” деп жазылган.

Ал эми, УКМК тажик тарап минометтер, гранатометтор, пулемёттор менен аткылоону баштаганын маалымдады.

“14:00дө Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин чек ара аскерлери жана атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Көк-Таш айылы тарапка минометтерден, гранатометтордон, пулемёттордон массалык аткылоону баштады.

Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жаткан УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Шаршеев Уларбек Зарлыкович окуя болгон жерде”, - деп айтылат УКМКнын маалымат кызматында.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kyrdaal-tazhikstandyn-askerleri-minometter-pulemyottor-menen-atkylaj-bashtady



Добавить комментарий