Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу келишимин кабыл алды

29 апреля 2021 21:50 1232 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки тараптуу ок атышууну токтотуу боюнча макулдашылган.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин чыр-чатакка байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

"Руслан Казакбаев тажик тарапка кыргыз тарап бөтөн аймактарды талап кылбайт жана өз жерин эч ким менен бөлүшүү ниетинде эмес экенин айткан.  Бул контекстте ал чек ара жана экономикалык маселелердин бардыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүү столунда чечилиши керектигин баса белгиледи.

Эки мамлекеттин ортосунда, айрыкча чек ара аймагында ишенимди бекемдөө, чек ара аймактарындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, жергиликтүү калктын ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай иш-аракеттерди басуу маанилүү экендигин белгиледи.

Эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашылды.

Ошондой эле, жакынкы бир нече сааттын ичинде тараптардын жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда укук коргоо жана коопсуздук органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү макулдашылды.

Ошону менен катары эле, тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде (облустук, райондук жана айылдык деңгээлде) калк менен биргеликте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чек ара кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен топторду уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөө боюнча аймактык структуралардын деңгээлиндеги укук коргоо органдары, ошондой эле учурдагы маселелерди тез арада чечүү үчүн тышкы иштер органдарынын жана жеке өз ара министрлердин ортосунда түздөн-түз байланышты камсыз кылуу айтылды", - деп жазылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tazhikstan-ok-atuunu-toktotuu-kelishimin-kabyl-aldy



Добавить комментарий