Баткенде жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийген

2 мая 2021 17:22 2859 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал тууралуу ИИМдин орун басары айтып берди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 2-май күнү ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Медиа-штабта маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал, козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

"2 - майга карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. Жаракат алгандардын 12-чек ара кызматынын жоокерлери, 17-ИИМ кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон.

Ички иштер министринин орун басары Э. Аширходжаев «Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү» сыяктуу 11 кылмыш иши козголду», - деп билдирдиички иштер министринин орун басары

.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zharadar-bolgon-162-adamdyn-118ine-ok-tijgen



Добавить комментарий