Чек арада абал курч. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

29 апреля 2021 10:26 2326 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 29-апрель күнү эртең менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор  атылып,  ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Таджик республикасынын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. 

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

“Таджик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда”, - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-arada-abal-kurch-kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-ok-atyshuu-boldu



Добавить комментарий