Бала сатуу, Атамбаевдин айыбы, Абылгазиевдин куралы. Күндүн орчундуу окуялары
Кыш айынын акыркы күнү орчундуу жана эмоцияларга бай окуяларды өзүнө камтыды. А дегенде эле бала сатууга шектелген айымдар колго түштү. Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1988-жылы туулган М.Н. кармалды. Ошондой эле бул кылмышка катышкан деген шек менен 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалды. Үчөө тең аял кишилер болгону аз келгенсип, маалымат түшкөн учурда жашырынуу максатында №4 төрөткананын медайымы болуп иштеген деген шектүү аял батирди ичинен бекитип алган. Милиция эшикти ачыш учүн кошумча ӨКМ күчтөрүн чакырып, күч менен батирге кирүүгө туура келген.
Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга чалдыгат деген кыргыздын макалы бекеринен айтылбаптыр. Экс-ажобуз Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде аябай актанып, кимдер кузгундар, кимдер байлар, кандуу ынкылапта кимдер пайда көрүүнү каалаган деп үч саясатчыны айтыптап сүйлөдү эле, ошонун жыйынтыгында айып пулга жыгылды. 28-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-февралда "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыздын негизинде соттук отурум болуп, анда Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон 300 миң сом төлөп берери айтылды.
Бул учурда премьер-министр Абылгазиев чет элдик жарандарга канча курал берген деп депутаттар такып Ички иштер министрлигин парламентке чакырып алып ар тараптан маалымат берүүнү талап кылышты. Жалпысынан 157 курал чет элдиктерге сыйлык катарында берилгендигин айтып, Абылгазиев канчасын бергенин "купуя сыр" деп билдиришти Ички иштер министрлиги. Курал жетишпей жатса, сыйлык катары бергендин кереги деле жок го деген пикирлер айтылды парламентте. Мурдагы экс-министр Мыктыбек Абдылдаев жана депутат Бакирдин Субанбеков өз ыктыярлары менен ИИМге куралдарын тапшырып бергендерин айта кетишти.
Депутат Аида Касымалиева бул жолу Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн изи табылып жаткандыгын, колунда документтер бар экендигин айтып, бир нерсенин башын кылтыйтты. Анын айтымында, 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга бааланганын айтты. Бул Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин наркына дагы бааланбай тургандыгы белгилүү. Керек болсо азыркы учурда Бишкектен 4 сотых жери менен эки кабаттуу үйдү да 71 миң долларга беришпейт деди депутат айым.
Жакында эле Коомдук каналдын жетекчилигине талапкерлер көбөйүп келип эле, баш тарткандар чыга баштады. Алардын арасында КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков "Өлсөм дагы талапкерликке барбайм"-деген сөзүн эркекче аткарайын деди окшойт, айтор талапкерлигин алып салды. Мындай чечимди ал өз ыктыяры менен кабыл алгандыгын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/bala-satuu-atambaevdin-ajyby-abylgazievdin-kuraly-kundn-orchunduu-okuyalary
Добавить комментарий ×