Субанбеков: "ИИМге курал-жарак жетишпегендиктен, Украинадан, Россиядан белекке алган куралдарымды өз каалоом менен тапшырып бердим"

28 февраля 2019 15:00 1392 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2005-жылы болгон көтөрүлүштө Жалал-Абад облусу жактан 52 бирдик курал жоголгон, ал эми 2010-жылы 1190 бирдик курал уурдалган. Бүгүнкү кундө алардын 557 бирдик курал кайтарылган. Мындай маалыматты Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев бүгүнкү 28-февралда болуп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Депутат Бакирдин Субанбеков өз кезегинде Беларусиядан, Роосиядан жана Украинадан белекке алган куралдарын дагы ИИМге тапшырып бергенин айта кетти.

"Эл алдында айтып коёюн, куралдарымды өз каалоом менен тапшырып бергем. Учурунда Ички иштер министрлигинде иштеп жүргөндө ал курал-жарактарды белекке алгам. КРнын ИИМинде курал жетишпегендиктен тапшырып коюу туура деп ойлойм. Түз жүрсөк, эч кимге тийишпесек, куралдын бизге эмне кереги бар, тынчылык болсун"-деди Субанбеков. 

Буга кошумча, ИИМдин орун басары Орозалиев азыркы депутат, мурдагы экс-министр Мыктыбек Абдылдаев дагы өз ыктыяры менен эки куралды ИИМге тапшыргандыгын айтты. 




Ссылка: https://barometr.kg/subanbekov-iimge-kural-zharak-zhetishpegendikten-ukrainadan-rossiyadan-belekke-algan-kuraldarymdy-z-kaaloom-menen-tapshyryp-berdim



Добавить комментарий