Бала сатууга шектелген үч аялды милиция колго түшүрдү

28 февраля 2019 13:17 1393 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын милициясы бала сатуу кылмышына тиешеси бар деп шектелген үч аялды колго түшүрдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн 28-февралда кабарлады. Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кечээ жүргүзүлгөн ыкчам иш-чарада Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1988-жылы туулган М.Н. кармалды. Ошондой эле бул кылмышка катышкан деген шек менен 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалды. Үчөө тең аял кишилер.

 Бишкектин Биринчи май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аркет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (адам сатуу) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/bala-satuuga-shektelgen-ch-ayaldy-miliciya-kolgo-tshrd



Добавить комментарий