Абылгазиев чет элдиктерге сыйлык катары канча курал берген? ИИМ маалымат берилбейт деди

28 февраля 2019 17:01 7774 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күнү 39872 курал-жарак мыйзамдуу түрдө берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Депутат Бактыбек Турусбеков элге берилип жаткан куралдардын саны көп эмеспи деп, так санын ИИМден айтып коюну сурады. 

"30 812 кишиде 39 872 курал-жарак бар. Кээ бир адамдарда 2ден, айрымдарында үчтөн. Булардын бардыгы расмий маалыматтар", — деди министрдин орун басары. Буга удаа эле депутат Алмамбет Шыкмаматов премьер-министр Абылгазиев чет элге сыйлыкка канча курал жарак бергенине кызыкты. Бирок ИИМ башчысынын орун басары бул купуя сыр болгондуктан, ачык булак болбой турганын билдирди. 

"Мыйзамга киргизели деп так маалымат сурап жатабыз. А силер айтпайбыз дейсиңер. Курал жөнүндө мыйзамды талкуулап жаткан учурда, мыйзамга киргизип коёлу да. Чет элдиктерге белекке курал берилсин деген мыйзамды алып салгыла. Эмне эрдиктери үчүн берилип жатат. Көрүнүп эле турбайбы, кереги жок мындай мыйзамдын"-деди Шыкмаматов.

 "Жалпысынан 157 курал чет элдиктерге сыйлык катарында берилген"-деди Орозалиев. Шыкмаматов алардын канчасын Абылгазиев берген деп кызыкты. Бирок, ИИМ өкмөттүн берген куралдарынын так санын бере албай тургандыгын билдиришти.

Бүгүн 28-февралда депутаттар "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууда кабыл алынды.







Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-chet-eldikterge-syjlyk-katary-kancha-kural-bergen-iim-maalymat-berilbejt-dedi



Добавить комментарий