Атамбаев айыпка жыгылды
Экс-президент Алмазбек Атамбаев үч саясатчыга 100 миң сомдон 300 миң сом төлөп берет. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыздын негизинде соттук отурумда маалымдалды.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн арыз жазган.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Келдибековду коррупцияга байланыштуу деп айыптаган. Мындай айыптоого үч саясатчы сотко кайрылып, 18 миллион сом өндүрүүнү көздөп, доогерлердин ар бири 3 миллион сомдон талап кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-ajypka-zhygyldy
Добавить комментарий ×