Ыргытылган түйүлдүк, төраганын каты, депутаттын кызынын тою. Күндүн орчундуу темасы

5 марта 2019 10:45 2105 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Күндүн темасы парламенттеги ката жазылган каттан башталды окшойт. Жогорку Кеңеш төраганын премьер-министрге жазган каталары толтура катын иликтеп, чыны менен парламенттен жазылганын мойнуна алышты. Убакыттын тардыгынан улам мындай кагаздарды адистер жазаарын айтып, катты жазган кызматкерге тиешелүү чаралар колдонулаарын билдирип, күнөөнү катардагы адистерге түртө салып кутулушту. Чындыгында катасы көп каттан башка дагы баш катыра турган көйгөйлүү маселелер талкууга түштү. Буга Акылбек Жапаровдун Кыргызстандын аймактарын бөлүп-бөлүп, чет өлкөлүктөргө өнүктүргөнгө берели деген сөзү себеп болду. Депутат оозунан жаңылдыбы же карапайым эл "аткаминердин" сөзүн туура эмес түшүнүп алыштыбы, айтор Жапаров айткан сөзүнө кайра түшүндүрмө берди. Ал бул жерде кеп башкарууну берүү жөнүндө эмес, облустарга гранттарды бөлүп берүү жөнүндө болуп жатат деп түшүндүрдү. Анын айтымында, соңку 26 жыл ичинде Кыргызстан 7 млрд. доллар насыя жана 3 млрд. доллар грант алган. Алынган акчалар кайсы жакка кетип жатканы белгисиз. Бирдиктүү механизм жок. Ошондуктан, конкреттүү аймактагы бардык тармактарды каржылаш үчүн ар бир облусту донорлорго бөлүп, байлап берүү зарыл деген мааниде айтайын дептир.  Мисалы,  Жапония бөлүп берген 628 миллион долларга Баткен облусун өнүккөн аймакка айлантууга болорун айтууда.

Кыргызда талкуусуз жана тойсуз бир да күн өтпөйт эмеспи. Бул күнү депутат Канат Исаев кызын турмушка узатып, Бишкектеги ресторандардын биринде той берди. Тойго аттуу-баштуу меймандар жана мега жылдыздар келип ырдашты. 

Бул учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, анда ишкерлик чөйрөсүндөгү өтө зарыл жана актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өкмөт башчы "Мен кооз сөздөргө караганда иштин натыйжалуулугун жогору баалайм"-деди. Премьер-министрдин сөзү менен иши дал келеби аны убакыт көрсөтөөр. Сабыр кылып туралы. 

Бир суткада криминалдык иштер көп болуп кеткени байкалды. Бостери айылын кармайт деген Камчы Көлбаевдин кишиси жергиликтүү жарандын арызынын негизинде укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлдү. Бирок, сот аны үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Бул учурда Ошто каракчылар банкоматты чагып, жарым миллиондой акчаны уурдап кеткени айтылды. Ушуну менен экинчи жолу банкоматтагы акча уурдалып жаткандыктан, милиция уурулар бир эле топ болушу мүмкүн деген версияларды айтууда. Алар али кармала элек. 

Ошондой эле, Бишкектеги люктардын биринен 5-6 айлык ыргытылган түйүлдүк табылды. Милиция энесин издеп жатат.

Жогоруда аталгандар бир сутка ичинде болгон орчундуу окуялардын тизмеги болду. Обьективдүүлүк Barometr.kg сайты менен өлчөнөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/yrgytylgan-tjldk-traganyn-katy-deputattyn-kyzynyn-toyu-kndn-orchunduu-temasy



Добавить комментарий