Күмөндөр Абылов: "Төбөлдөр! Бул эмне кылганыңар ыя?"
Куудул Күмөндөр Абылов фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу саясат жана коом темасында ар кандай талкууларга активдүү аралашып, өз пикирин билдирип келет. Абылов акыркы постуна бийлик органдарынын ишмердигине нааразычылыгын жазып чыкты.
Куудул постко:
"Деги заман эмне болуп баратат" - дечү элек. Көрсө көргөнүбүздөн көрө элегибиз көп экен го? "Ишенген коюм сен болсоң, кепшеген оозуңду ..." - дечү беле?... Ыя, айланайын! Төбөлдөрүбүзгө ишенип төргө өткөзүп: "Ушулар жашообузду оңдойт, ушулар келечекке туура жол көрсөтөт" - деп, ушуларга таянып, ушуларга ишенип: "Өзүбүз жыргабасак да балдарыбыздын жашоосу оңолоор" - деп, жүрсөк, "Кум-Төр" баштаган тоо-таштын баарын ар кимге шылтап курутушуп, өздөрүнүн жашоолорун Америка, Японияныкынан да өткөрө оңдоп алышып, анан эми, дагы эмне балээнин башын кылтыйтып олтурат буларың?
Э, айланайын Төбөлдөр! Бул эмне кылганыңар ыя? Эл силерди: Ушинтип бизди чилдей таратып жибергиле, ар кимдин колуна салып бергиле" - деп шайлады беле? Бул баарыңардын оюңарбы же, жалгыз эле Жапаровдун оюбу? Жок дегенде өзүңөрчө кеңешип алып, анан айтып жатасыңарбы? Мындай кылаарыңар анык болсо, эмне үчүн тоо-таштын барын бүлүнтүп, ар кимиси көк бөрү тарткансып туш-тушка уурдай качып,, карызга белчебизден бата электе айтпайсыңар? Эмне үчүн өзүңөр укум-тукумуңарга чейин жетээрлик байлык топтоп келечегиңерди куруп алганча айтпайсыңар? Уят деген барбы силерде?", -деп жазып "төбөлдөргө суроо салды.
Постту окуган көпчүлүк катуу талкууга алып пикир калтыруучулардын басымдуу бөлүгү "туура айтасыз" дешип колдоого алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-tbldr-bul-emne-kylganyar-yya
Добавить комментарий ×