Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кишиси кармалды
Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Ысык-Көл облусттук ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"28-февралда милицияга жергиликтүү 1983-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын арызында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан акча талап кылган. Ал өзү мал чарбачылыгы менен алектенет. Буга чейин шектүү фермердин керегине жарап, ишин бүтүрүп берген, бирок акысына бир канча уй жана кой алган. Арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген адам кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүүчү иштер каралып, бардык тиешелүү тергөө документтери сотко өткөрүлүп берилди-деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле, Ысык-Көл райондук соту шектүү жаранды үй камагына чыгарган. Аталган факты кылмыштардын жана жазалардын Бирдиктүү реестрине катталып, учурда сот иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/krimtbl-kamchy-klbaevdin-kishisi-karmaldy
Добавить комментарий ×