Жогорку Кеңеш ката жазылган кат боюнча: "Чыны менен одоно каталар кеткен. Кемчилик кетирген кызматкерге тиешелүү жаза колдонулат"

4 марта 2019 14:25 1882 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Төраганын премьер-министрге каталар менен жазган каты боюнча иликтөө иштери бүттү. Анда чыны менен эле Жогорку Кеңеш тарабынан одоно каталар кеткен. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматкери Ибраим Нуракун уулу Barometr.kg сайтына билдирди. 

"Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган. Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз"-деди басма сөз кызматкери. 

Эске салсак, социалдык тармактарда төрага Дастан Жумабековдун премьер-министр Абылгазиевге каталар менен жазган каты тарап, коомчулук арасында катуу сынга калган эле. Бул каттын чын-бышыгын билүү үчүн түп нускасы изделип, иликтөө журүп жаткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-kata-zhazylgan-kat-boyuncha-chyny-menen-odono-katalar-ketken-kemchilik-ketirgen-kyzmatkerge-tieshel-zhaza-koldonulat



Добавить комментарий