Ошто экинчи жолу банкоматты чагып, акча алып кетишти. Уурулар кармалбай келет

4 марта 2019 16:04 1745 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош облусттук филармониясынын кире беришиндеги банкомат талкаланып, белгисиз адамдар 1 жарым миллион сомдой акчаны уурдап кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2-марттан 3-мартка караган түнү болгон. Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын кире беришиндеги банкоматты талкалашкан.

Учурда бул факты боюнча издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти. Азырынча тоногон адамдар кармала элек. Мындай окуя жакында эле, тактап айтканда февраль айында Ош облусунун Араван районунда катталган. Белгисиз адамдар 900 миң сом акчаны банкоматты талкалап алып кетишкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ekinchi-zholu-bankomatty-chagyp-akcha-alyp-ketishti-uurular-karmalbaj-kelet



Добавить комментарий