Садыр Жапаров Баткен облусуна барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.
Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.
Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-batken-oblusuna-bardy
Добавить комментарий ×