Талас облусунда стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

29 сентября 2025 13:12 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунда стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас областынын Манас районунун прокуратурасы тарабынан, Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жайгашкан,  1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunda-strategiyalyk-maanidegi-zher-tilkesi-mamleketke-kajtaryldy



Добавить комментарий