Полковниктин өлүмү, каза болгон наристе, жаш аял алган аткаминер. Аптанын орчундуу окуялары
Жаңырган жыл жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши, айып пулдарга карата элдин кабыл алуусу менен бирге түрдүү окуялар менен коштолду.
"Айып пул жана кытайлар"
Түкүрүк жерге түшө электе эле, түрдүү митингдер башталды. Айып пулдардын ызы-чуусу жөнгө салынбай жатып, кыргыздар кытайлардын Кыргызстанда жашап жаткандыгына каршы экендиктерин жана алардын мамлекетке пайдасынан зыяны көп экендигин КТРК чагылдырып берүүсүн талап кылган митинг өттү. Ага удаалаш, ажобуз Сокулукка барган иш сапарында "Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын тилеги ишке ашпайт"-деп бир эле айтып салды.
"Кордук көргөн наристелер"
Жогорку Кеңештеги депутаттар кышкы эс алуусунан чыга албай, мыйзамдар ишке ашкыча наристелерибиздин кордук көргөн күндөрүнүн аягы суюлбай келет. Дегенибиз, жакында эле Ысык-Көл облусунун Тоң районунда шымына сийип койгон бала таежесинен таяк жеп, бул дүйнөнүн жарыгын көрө элек жатып кош айтышса, мындай окуя кайра эле Ош облусунда кайталанды. 2019-жылдын 10-январында 2016-жылы туулган жаш наристе «судороги болуп жатат» дешип, баланын атасынын агасы тарабынан ооруканага жеткирилген. Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын айтышкан. Өлкөдө жумуш жоктугуна байланыштуу бул чарчап калган наристенин дагы ата-энеси ажырашып, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен экен.
"Подполковниктин өлүмү"
Иликтөө иштери жүрүп, коомчулук наристелердин тагдыры тууралуу ойлонгуча милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевди 10-январда Бишкек-Торугарт айлампа жолунда белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. 37 жаштагы подполковниктин өлүмү киши колдуу болушу мумкүн деген божомолдор менен ИИМ изилдөө иштерин баштады.
"Түкүрүк жана Чубак ажы"
Коомчулук "түкүрүк" тууралуу айып пулдар менен алышып жатканда, өз пикиримди айтып коеюн дедиби, диний аалым Чубак ажы Жалилов диний сабактарынын биринде өз оюн айтып жаңы мыйзамды туура кабыл алууга, түшүнүүгө чакырды.
"Жаш аял алган аткаминер"
Ал ортодо кышкы эс алуу убакыттан пайдаланып, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу 23 жаштагы селкиге үйлөнө калды. Бир жагынан аалымдарыбыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бүтө албай жатса, экинчи жагынан белгисиз адамдар православдардын мүрзөсүн казып, гүлдөрдү чачып, эстеликтерди сындырып кетишти.
Жогоруда саналган окуялар өлкө ичиндеги орчундуу, бир апталык окуялардын жыйынтыгы болду. Мындан ары Barometr.kg сайты өлкөдө жакшы гана жаңылыктардын болуп турушуна тилектеш.
Добавить комментарий ×