Митингчилер КТРКга жетти!

7 января 2019 17:50 4600 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн КТРКнын алдында жаш кыргыз жигитттеринен куралган топ митинг өткөрүп жатат. 

Митингчилердин айтымында кытай элдерин Кыргызстандан чыгарыш керек. Алар канчалык көбөйгөн сайын калктын абалы начарлай берет.

Бул митинг Ала-Тоо аянтында башталган митингдин уландысы экендиги маалым болду.

Barometr.kg сайтынан байланышканыбызда, атын атагысы келбеген булактардын бири:

"Бул жигиттер кыргыздар кытайлардын Кыргызстанда жашап жаткандыгына каршы экендиктерин жана алардын мамлекетке пайдасынан зыяны көп экендигин КТРК чагылдырып берүүсүн талап кылып келишиптир. Митингчилер КТРК аркылуу коомго пикирин жайылтып аны менен кошо бийлик өкүлдөрүнө байланышка чыгуу жолун көздөп жатышкан өңдүү" -деп маалымат берди.

Ал арада фейсбук баракчасында дагы бир видео тасма пайда болду. Ал видеодо "кытайларга жол жок", "кыргыздар алга", "ктайлар кетсин" деп ураан салган жигиттердин тобун көрүүгө болот.

Көпчүлүк пикир калтыруучулар митингдин аягы тынчтык менен аяктаса экен деп кыжаалат болгондорун билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/mitingchiler-ktrkga-zhetti-zhrk-shn-algan-zhigitterdin-tobu-ktrknyn-aldynda-miting-tkrp-zhatat



Добавить комментарий