Жээнбеков: «Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт»

9 января 2019 17:23 4438 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт»— деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушууда Сокулук районунун жергиликтүү жашоочусу 7-январда Бишкек шаарынын борбордук аянтында Кытай тарапка каршы өткөн митингди эске салып, ири экономикалык өнөктөш — Кытай Эл Республикасы менен мамилени бузуп салбайбы деген тынчсыздануусун билдирген. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

«Маселе биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет» — деди өлкө башчы. 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kytaj-menen-mamileni-buzuunu-kaalagandardyn-araketi-ishke-ashpajt



Добавить комментарий