Чубак ажы Жалилов "түкүрүк" тууралуу өз оюн айтты

12 января 2019 04:20 1873 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Диний аалым Чубак ажы Жалилов бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири болгон "түкүрүк" тууралуу диний сабактарынын биринде өз пикирин айтып жаңы мыйзамды туура кабыл алууга, түшүнүүгө чакырды.

Чубак ажынын айтуусунда тазалык - бул динде да баалулуктардын катарын толуктайт. Тазалыка маани берүүнү коомдогу адептүүлүктүн бир формасы катары кароого болот.

Жалилов Сингапурда түкүрүк үчүн 500 Сингапур доллары эсебинде айып пул салынаарын жана бул биздин сом менен 15000 сом болоорун да кошумчалады.

Ага кошумча Чубак Ажы бул мыйзамдан жакшы жыйынтыкка келүү үчүн алгач элдин аң сезимин тарбиялаганда ийгилике бачымыраак жетмекпиз деп да кошумчалады.

Эске салсак, Японияда жөнөкөй эле светофорду алмаштыруу  үчүн дээрлик жарым жыл бою калкка тушүндүрүү иштерин жүргүзөт.  

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhy-zhalilov-tkrk-tuuraluu-z-oyun-ajtty



Добавить комментарий