Айдоочу милиция кызматкерин сүзүп качып кеткен. Иликтөө жүрүүдө
Жол кырсыгынан каза болгон милиция кызматкеринин өлүмү тууралуу иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына маалымдады.
Маалыматта жазылгандай, милициянын подполковниги Күнболот Касымалиевди бүгүн 10-январда Бишкек-Торугарт айлампа жолунда белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында сүзүлгөн адам Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган Касымалиев Күнболот экендиги аныкталган.
Азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, керек болгон алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochu-miliciya-kyzmatkerin-szp-kachyp-ketken-ilikt-zhrd
Добавить комментарий ×