Мамытова менен Каденованын ордуна жаңы министирдин орун басарлары бекитилди

7 ноября 2018 13:48 2044 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 3 жаңы орун басарын дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлады.

Маалыматка ылайык Ализа Солтонбекова, Камалдин Акунов жана Жаңыл Алыбаева эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалышты.

Эскерте кетсек буга чейин аталган министрликтин орун басарлары Лунара Мамытова, Зууракан Каденова жана Жылдыз Полотова кызматынан алынганына байланыштуу, кызмат орундары бош турган.

Ссылка: https://barometr.kg/mamytova-menen-kadenovanyn-orduna-zhay-ministirdin-orun-basarlary-bekitildi



Добавить комментарий