Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

29 мая 2021 09:14 2066 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта кармоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, соттун 21-майдагы буйругу менен мурунку өкмөт башчы 26-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.

Эске сала кетсек, экс-премьер-министр мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, тергөөнүн версиясы боюнча, Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган. Тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саналууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgazievdin-kamakta-kaluu-mnt-uzartyldy



Добавить комментарий