Каденова: Мен спирт ичимдик эмес, валерьянка гана ичкем
Түштүк Кореяда мас абалында учакта чуу салганы айтылган социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова болгон окуя боюнча Barometr.kgге комментарий берди. Ал спирт ичимдигин ичпегенин айтып, жөн гана валерьянка ичкендигин айтты. Ал эми буга чейин айтылгандай, ал учактын ичинде мас абалында ызы-чуу салган деген маалыматтарды жокко чыгарды.
“Түштүк Кореядагы 20 күндүк окуумду ийгиликтүү аяктагам. Ал учурда диета кармап жаткам, анын натыйжасында 5 килограммга чейин салмак таштаганга чейин жетишип, өзүмдү жакшы сезип калгам. Акыркы кездери жүрөгүм ооруп, ден-соолугум анча жакшы эмес болуп жүргөн. Учаар алдында дары куюлган кичинекей бөтөлкө менен бортко чыгарбайт деп адаттагыдан көбүрөөк даары ичип алгам. Учакка киргенде өзүмдү жаман сезе баштадым. Коопсуздук курун тагынганда көңүлүм айнып ажатканага барууну сурандым, бирок кызматкерлер ага уруксат беришпестен желим баштык алып келип беришти. Өңүм кубарып мас адамдай көрүнүптүрмүн. Бирок мен ичкен эмесмин", — деди Каденова.
Ал эми өзү тууралуу маалыматты Сеулдун аба майданынан жаңылыктардан эле окугандыгын жана кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө даяр болгондугун белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова 22-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Мындан улам учак эки саатка кармалып кеч учууга аргасыз болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/kadenova-men-spirt-ichimdik-emes-valeryanka-gana-ichkem
Добавить комментарий ×