Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгарылды
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Абылгазиев келтирилген зыяндын бир бөлүгүн, тактап айтканда 50 миллион сомду төлөп берди.
Эскерте кетсек, мурдагы өкмөт башчы мыйзамсыз баюуга айыпталган.Тергөөнүн версиясы боюнча ал өкмөт башчы болуп турган мезгилде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо жана алтын казып алуу иштери боюнча кошумча аймактарды берүү тууралуу токтомго кол койгон. Кендин аянты мындан кийин эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн жана анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана жаратылыштын корголгон аймактары болгон.
Мухаммедкалый Абылгазиева УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-j-kamagyna-chygaryldy
Добавить комментарий ×