Абылгазиевке карата башкы прокуратурага арыз жазылды

3 июля 2020 15:48 3142 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жактоочу Канат Хасанов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго экс-премьер-министр Мухаммедалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоо үчүн арызы менен кайрылды. 

«Бул арызды Бирдиктүү реестрге Мухаммедкалый Абылгазиевге өзүнүн ыйгарым укуктуу премьер-министрлик кызмат учурунда өлкөдөгү болуп жаткан абалга шалаакылык кылгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, каттап койуңузду өтүнөм. Ал кызмат ордунан шалаакылыгы менен коронавирустун таралуусуна алып келди. Бул кайдыгерликтен улам 120га жакын адам көз жумду, мындай мамилеге өтө оор кылмыш иши козголушу керек», — деп баса белгилеген Канат Хасанов.

Эске сала кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда жазган арызынын негизинде отставкага кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgazievdin-atyna-aryz-zhazyldy



Добавить комментарий

  • Президент жана анын аппараттарын текшерүү жүргүзбөй Россияга жөнөткөн саламаттыкты сактоо министрлигин дагы сотко,прокуратурага арыз жазып кайрылыш керек. Бүт Кыргызстан элин шылдың кылганы үчүн жана парадка барып катышпай келгенде канча чыгым кетсе баарын толотуш керек. Ошол кеткен чыгымга 1000 кыргыз жаранын Оруссиянын аймагынан чыгырып кетсе болмок.