Кумтөрдөгү Петров көлүнө экскаватор айдаган киши техникасы менен түшүп кетти

15 февраля 2020 21:41 1861 1 Barometr
Поделиться в:
ok

15-февралда саат 18:00дөр чамасында Кумтөр кенинин жанындагы Петров көлүнө 54 жаштагы киши экскаватору менен түшүп кеткен. Бул тууралуу "Барометр" агенттигине ишенимдүү булактар билдирди.

Ага ылайык, кырсык болгон жерге ӨКМдин Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү суучулдарын тартуу пландалууда. Азыр жеринде "Кумтор Голд Компани" компаниясынын куткаруучулары издөө иштерин көрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кумтөр кенинде буга чейин жагымсыз окуя болгон. 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөрдө жер көчүп тоо мастери Өмүрбек Ишенбеков жана машинист-бульдозерчи Жолдошбек Жунушов жоголуп кеткен. Аларды издөө аракеттери 9-январда токтотулуп, 10-январда жаназасы окулган болчу

Ссылка: https://barometr.kg/kumtrdg-petrov-kln-ekskovator-ajdagan-kishi-tehnikasy-menen-tshp-ketti



Добавить комментарий

  • Ошол күмтөр Кыргыз елине пайдасы жок карапайым ел өлүп жатат только арам тамак чиновниктер гана байып жатат