Аксуу чокусуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, орусиялык альпинист изделүүдө
Баткендин Аксуу чокусуна чыгып кетип дайынсыз болуп, орусиялык альпинист изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, 21-февраль таң эрте орусиялык Г.Е. аттуу альпингистти издөө башталды.
“Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында алдын ала маалымат боюнча Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.
Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адады издөөгө орусиялык 3 альпинист кошулду.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/aksuu-chokusuna-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-orusiyalyk-alpinist-izdeld
Добавить комментарий ×