Кыргызстандын жаранын Вирджиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен издешдүүдө

4 мая 2025 11:02 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын жараны А. уулу Б., 2000-жылы туулган, Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жоголгону тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу келип түшкөндөн баштап, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тартипте иш алып бара баштаган. 

Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Вирджиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен активдүү өз ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын элчилиги жарандын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, бардык зарыл чараларды көрүү иштерин улантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zharanyn-virdzhiniya-zhana-vashington-shtattaryndagy-aktivistter-menen-izdeshdd



Добавить комментарий