«Юг-Спецавтоматика» компаниясынын директору кармалды

3 ноябрь 2021 14:23 3148 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара берип жаткан учурда «Юг-Спецавтоматика» компаниясынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” кабарлайт.

Кармоо Жалал-Абад областындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматтык адамдары менен иш аткаруучу уюмдун сүйлөшүп алышканы тууралуу ишти иликтеп жатканда болду.

“«Юг-Спецавтоматика» жоопкерчилиги чектелген коомунун Сузак районундагы Талаа-Булак айылындагы № 76 Матиев орто мектебин колдонууга берүү боюнча аткарылган иштеринин актысы менен документтеринде маалыматтар туура келбей калган. Мамлекетке келтирилген чыгым алдын ала эсептөө боюнча 4 миллион 912 миң 888 сом деп бааланды”,-деп айтылат кабарда.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган компаниянын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине 2 миң доллар пара берип ишти оң жагына чечип берүүнү өтүнгөн. Бул учурда ал кармалып, камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/yug-specavtomatika-kompaniyasynyn-direktoru-karmaldy



Добавить комментарий