«Юг-Спецавтоматика» компаниясынын директору кармалды
Пара берип жаткан учурда «Юг-Спецавтоматика» компаниясынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” кабарлайт.
Кармоо Жалал-Абад областындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматтык адамдары менен иш аткаруучу уюмдун сүйлөшүп алышканы тууралуу ишти иликтеп жатканда болду.
“«Юг-Спецавтоматика» жоопкерчилиги чектелген коомунун Сузак районундагы Талаа-Булак айылындагы № 76 Матиев орто мектебин колдонууга берүү боюнча аткарылган иштеринин актысы менен документтеринде маалыматтар туура келбей калган. Мамлекетке келтирилген чыгым алдын ала эсептөө боюнча 4 миллион 912 миң 888 сом деп бааланды”,-деп айтылат кабарда.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган компаниянын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине 2 миң доллар пара берип ишти оң жагына чечип берүүнү өтүнгөн. Бул учурда ал кармалып, камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/yug-specavtomatika-kompaniyasynyn-direktoru-karmaldy
Добавить комментарий ×