Бишкекте “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларынын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды

30 ноябрь 2023 15:57 2078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларынын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМдин кызматкерлери  Финансы министрлигинин аудит кызматынын кызматкери менен биргеликте билим берүү тутумундагы коррупциялык схемаларды, анын ичинде мектепке чейинки балдар мекемелериндеги ата-энелердин төлөмдөрүнүн жогорулатылган фактыларын аныктоо максатында текшерүүнү жүргүзүшүүдө.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталган.

Бир нече эскертүүлөргө карабастан, акча каражаттарын чогултуу фактылары катталууда. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында.

Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени  оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 2023-жылдын 29-ноябрь күнү ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 000 сом өлчөмүндө пара берүү учурунда жогорудагы бала бакчанын жетекчиси А.О.  кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.

Мындай фактылар болгон учурда жарандар ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгына кайрылуулары зарыл. Коррупциялык көрүнүштөрдүн ар кандай формалары менен күрөшүүдө көп нерсе коомчулуктун активдүү катышуусунан, жарандардын ар кандай коррупциялык кыянатчылыктарга активдүү каршы туруусунан көз каранды. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлерине кылмыштын бул түрүн аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүүгө даяр болушу керек.

Учурда ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгы мамлекеттик түзүмдөрдө коррупциялык укук бузууларды аныктоо, кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү иш алып барууда. Кыйла резонанстуу кылмыштар, коррупциялык багыттагы фактылар аныкталса, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып турат”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dostuk-bbkzhaj-bala-bakchalarynyn-zhetekchisi-miliciya-kyzmatkerine-para-berip-karmaldy



Добавить комментарий