Тарых музейи жаңы жылдан тартып ишке киреби?

3 ноября 2021 13:11 8479 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги тарых музейи жаңы жылдан тартып ишке киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамакулов билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, немец фирмасына карата карыз төлөндү.

“Ноябрь айынын соңунда Кыргызстанга фирманын өкүлдөрү келет жана программалык камсыздоону ишке киргизет. Жаңы жылга чейин ачып калабыз деген ниеттебиз”,-деп айтты министр.

Тарых музейи 2016-жылы 25-майда реконструкция иштери үчүн жабылган. Ремонттон өткөрүш үчун мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин линиясы боюнча 15 млн доллар каржыланып, алар имараттын тышын жасалгалоого коротулган.

Музейдин интерьери менен экспонаттарын орноткон Германиянын Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына Кыргызстан 225 мин евро карыз болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/taryh-muzeji-zhay-zhyldan-tartyp-ishke-kirebi



Добавить комментарий