Пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды

16 февраль 2024 17:53 2151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн кызматкери пара талап кылып жатканы аныкталган. 

“Ички иштер органдарына Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу  чет өлкөлүк паспортту жасатууга арналган документтерди тапшыруу үчүн уруксат алуу үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Такталган маалымат боюнча, 2023-жылдын жайында  сот аткаруучу жабырлануучу аялдан (ID-карт)  паспорт  алууда маселени оң жагынан чечүү үчүн АКШ доллары түрүндө пара талап кылган. Ал сумманы дагы алган.

Бир аз убакыт өткөн соң, жабырлануучу аял чет өлкөлүк паспорт алуу үчүн сот аткаруучуга кайрылганда, ал кайра акча каражатын талап кылган. Кийинчерээк, талап кылып жаткан акчанын суммасын азайткан.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.  Талап кылынган акча каражаты электрондук капчык аркылуу которулган.

Ушул жылдын 15-февралында Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармолочу жайына киргизилди”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/para-talap-kyluuga-shektelip-sot-atkaruuchu-karmaldy



Добавить комментарий