Белгилүү кыздар катышкан элиталык интимдик кызматтар тармагы аныкталды

13 февраль 2024 16:22 2014 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1000 доллардан 10 000 долларга чейинки акчага элиталык эскорт жана интимдик кызмат көрсөткөн тармактын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

УКМК билдиргендей, белгилүү кыздар катышкан элиталык интимдик кызмат көрсөтүү тармагынын уюштуруучусун кармады.

Атайын кызмат тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору КР жараны И.К.Д кармалды.

Аталган жаран 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана Tik Tok социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 000 АКШ долларына чейин бааланып турган 

Ошондой эле, И.К.Д. кыздардын Дубай (БАЭ) аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз иштерди колдоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzmat-krst-10-000-chejin-ukmk-belgil-kyzdar-katyshkan-elitalyk-intimdik-kyzmat-krst-tarmagyn-anyktady



Добавить комментарий