"Бейкүнөө жарандар өлдү". Кыргызстан БУУга чек арадагы кырдаалды айтты

5 май 2021 16:31 4169 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 4-майда Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУнун туруктуу өкүлү Данияр Мукашев аталган уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет айымга кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелетке ушул жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берген.

"Мукашев тажик тараптын мыйзамсыз иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын 36 жаранынын өлүмүнө алып келгендигин баса белгиледи, алардын басымдуу көпчүлүгү жөнөкөй жарандар, анын ичинде эки бала (5 жана 12 жашта), жана 189 адам жаракат алышканын айтты. Ошондой эле, тажик тараптын иш-аракеттеринин натыйжасында 30 миңге жакын адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Турак үйлөр, билим берүү мекемелеринин имараттары, өлкөнүн инфраструктуралык объектилери кыйраганын кошумчалады.

Ушуга байланыштуу, Мукашев тажик тараптын жогорудагы жалпы эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен жасаган иш-аракеттери Кыргызстандын жарандарынын көптөгөн адам укуктарын, анын ичинде ар бир адамдын ажырагыс жана негизги укугун - жашоого укугун бузууга алып келгендигин баса белгиледи.

Ошол эле учурда, ал кыргыз тарап эч качан чек ара маселелерин көптөгөн курмандыктарга жана адам укуктарынын бузулушуна алып келген согуш жолу менен чечүүнү жактабай келгендигин жана талаш маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү ар дайым биринчи орунга коёрун айтты.

Өз кезегинде жогорку комиссар Бачелет Кыргызстандын жарандык калкынын арасында курман болгондорго терең кайгырууну билдирди. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Башкармалыгы (АУЖКБ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын билдирди. Ушул жагдайда Бачелет Кыргызстандын өкмөтүнүн чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана чыр-чатактын андан ары курчуп кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин жана иш-аракеттерин кубаттады", - айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып,  куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн. 

29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган

Ссылка: https://barometr.kg/tynch-zhatkan-elge-kol-saldy-kyrgyzstandyn-kl-buunun-zhogorku-komissaryna-chek-aradagy-kyrdaaldy-ajtty



Добавить комментарий