


Кытай менен чек арадагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иштөө режими убактылуу өзгөрө тургандыгын маалымдайт.
Кытай Эл Республикасында "КЭРдин түзүлгөн күнү" жана "Күз ортосу майрамы" майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт-автожол» КӨП жана «Иркештам-автожол» КӨП аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Жогоруда аталган өткөрүү пункттарынын убактылуу жабылышы бардык категориядагы трафиктер үчүн төмөнкүдөй күндөрү күчүндө болот:
- 2025-жылдын 1-октябрынан 3-октябрын кошо алганда;
- 2025-жылдын 6-октябрында.
Өзгөчө өткөрүү режими: 2025-жылдын 4чү жана 5-октябрында жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактарды тариздөө жүргүзүлбөйт.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү «Иркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» КӨП аркылуу штаттык режимде өткөрүү 2025-жылдын 7-октябрында кайрадан жанданат.
"Жарандардан жана жүк ташуучулардан өз маршруттарын алдын ала пландаштырып, Кыргыз Республикасынын КЭР менен чектешкен мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө бул маалыматты эске алууну өтүнөбүз", - деп эскертилет маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-menen-chek-aradagy-tkrm-beketter-ubaktyluu-zhabylat
Добавить комментарий ×